ИИМ депутат Дүйшөн Төрөкуловду "кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү" деп айта алган жок

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов 11-январда ант берип, кызматына киришти. "Бир болдун" жаңы депутаты мурда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген, таанымал спортчу. Коомчулукта "Душка" деген каймана аты бар Төрөкулов криминалдык чөйрөнүн өкүлү деген да пикирлер айтылып жүрөт.

Бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылып, анын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турар-турбасын сурадык. ИИМ Төрөкуловдун каттоодо турарын ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Атайын каттоого алынгандардын аты-жөнү ички иштер органдарында кылмыштар менен иштөөдө гана колдонуларын, ачык жарыяланбасын айтып жооп узатты.

"Мурда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү деп фамилиялар кеңири айтыла берчү. 2010-жылдан кийин атайын мыйзам кабыл алынган, соттун чечими жок кимдир бирөөнү "уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү" деп айтууга укугубуз жок. ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандардын аты-жөнү өтө жашыруун маалымат, айтылбайт. Аларды орган кызматкерлери кайсы бир кылмышты иликтөөдө гана колдонушат", - деди ИИМдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Сейитов.

Бүгүнкү күндө Кыргыз жеринде 1 гана адамга сот өкүмү чыкканын, ошол адамды гана уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү деп айтууга болорун кошумчалады. Ал - "Сакал" каймана аты менен таанымал Улан Токтосунов. Токтосунов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2016-жылдын аягында 17 жылга эркинен ажыратылган.

Криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүнүн саясатка активдүү аралашуусу, мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсү коомдо такай сындалып келет. 2014-жылы ошол кездеги ички иштер министри Абдулда Суранчиев парламенттен кылмыш дүйнөсүнө байланышы бар депутаттардын аттарын атаган. Анда парламент депутаты Бактыбек Жетигеновдун, ошол кездеги "Республика" партиясынын Кызыл-Кыя шаардык кеңешиндеги депутаты Замир Сыргабаевдин аты айтылган. Сыргабаев азыркы учурда "Бир бол" партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде депутат болсо, Жетигенов КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Мындан тышкары парламент депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы кылмыш дүйнөсүнө байланыштуу айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан