КҮНСЕРЕП: Окуучулар аптасына эми 5 күн окушат. Сандан сапаткабы же кеп акчадабы?

Бүгүн, 13-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев 11-январда өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгонун айткан Абдылдаев арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Арызда добуш берүүдөн кийин бюллетенде “макул” деген белгиден башка ар кандай кошумча “белгилер” байкалганы, жашыруун добуш берүүгө шарт түзүлбөгөнү, депутаттар талапкерлерге суроо берүү укугунан ажыратылып калганы жана башка жагдайлар айтылат.

Шаар башчыны шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына кысым болгонун белгилеген Абдылдаев Албек Ибраимовду жеңиши менен куттуктаган эле. Шайлоо жыйынтыгына нааразычылык "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин парламенттеги билдирүүсүнөн кийин күчөдү. Төрөбаев Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" партиясы Бишкек мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын расмий жарыялап, шайлоо чыныгы атаандаштык негизде өтпөгөнүн айтып чыкты. Шайлоо өтүп жаткан учурда мэриянын алдында митинг өткөнүн сындап, муну "өткөн замандын белгиси" деп атады. Шайлоодо коомдогу шектенүүлөрдү күчөткөн көрүнүштөр тууралуу мурунку "Күнсерепте" жазганбыз. Алар: жасалма мүнөздө уюштурулган митинг, Жогорку Кеңештеги КСДП жана "Республика-Ата Журт" фракциясынын 2 депутатынын шайлоо өтүп жаткан учурда мэрияда жүргөнү жана башкалар. 2014-жылы өткөрүлгөн Ош шаарынын мэрин шайлоо да чыр-чатак менен коштолгону белгилүү. Ошол кезде шаардык кеңеште көпчүлүктү түзгөн Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясынын айрым депутаттары Мырзакматовдун талапкерлигин колдобой коюшканы мэриянын алдындагы Мырзакматовдун тарапташтары арасында катуу нааразычылык жараткан. Шайлоо күнү Ош шаардык кеңешинин депутаттары атайын кара кийим кийишкени, бийликтин талапкери Айтмамат Кадырбаевге добуш бергенин ырастоо үчүн алардын жакасына мини видеокамералар тагылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок бул маалымат далилденген эмес, жарышта Айтмаматов атаандашы Мелис Мырзакматовду утуп чыккан. Мыйзам бузуулардан улам шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган учурлар өлкөдө боло элек. 2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүдө да ири мыйзам бузуулар болгонун айтып, жыйынтыкты жокко чыгаруу талабы менен укук коргоочу Рита Карасартова БШКга кайрылган, бирок комиссия арызды канааттандырган жок. Бул жолу деле бюллетендеги шектүү белгилер, жалпы мыйзам бузуулар жөнүндө айтылган маалыматтардын далилдениши кыйын. Абдылдаевдин арызын карайбы жокпу белгисиз, бирок БШК кайрадан мэр шайлоо дайындайт деп күтүү мүмкүн эмес. Башкысы, бийликке ыңгайлуу адам Бишкекти дагы 4 жыл башкаруу укугун кайрадан колго алды. Саналуу айлардан кийин өтүүчү президенттик шайлоонун алдында бул маанилүү кадам...

Кыргыз жеринде мектептер 5 күндүк окуу графигине өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, бул кадам мектептен билим берүүнү оптимизациялоо максатында жасалууда. Башкача айтканда, сандан сапатка өтүү аракети.

Бул аракетти балдарды билим алуудан алыстатып, ишке түртүү катары кабыл алгандар дагы бар. Окуучулар эми 5 күн мектепке барып, 2 күн дем алышат. Бул шаарда жашаган окуучуларга ыңгайлуу болушу мүмкүн, анткени сабактан тышкары ийримдерге барууга кошумча убакыт табылганы жатат. Ал эми айыл жергесинде үй иштерин жасоого кенен убакыт болот. Баш мыйзамда "ар ким билим алууга укуктуу", "негизги жалпы билим алууга милдеттүү" деп так жазылган. Баланын эмгекке бышып чоңойгону да жакшы, бирок балдарга билим берүүдө 1 күндүн ашыкча сезилгенин терс кабыл алгандар дагы бар. 5 күндүк иш графигине өткөрүү билим берүүгө кеткен бюджеттин чыгымын кыскартат. Ошол эле учурда мугалимдердин сабак өтүүгө каралган сааттары кыскарат. Мунун негизинде өткөн сабагынын санына жараша айлык акысы азайып, мугалимдер да өз учурунда нааразычылыктарды билдириши мүмкүн. Ал эми ошол "үнөмдөйбүз" деген каражат жок дегенде мектептерде кошумча билим берүү, түрдүү ийримдерди уюштуруу сыяктуу иш-аракеттерге жумшалса, окуучулардын билим сапаты жакшырмак.

Билим берүү тармагындагы жаңычылдыктар муну менен эле чектелбейт. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуу 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн. Бул демилге 2014-жылы эле депутат Дастан Жумабеков тарабынан сунушталып, кызуу талкууну жараткан. Депутат бул сунушун "сентябрдын башы түшүм жыйнаган маал, окуучулар ата-энесине жардам беришет. Ысык-Көлдө бул мезгилде туристтер көп болот" деп түшүндүргөн. Бирок сунушу колдоо тапкан эмес, демилге кайрадан көтөрүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул демилгени колдоого алары белгилүү болду. Ошентип, балдарга билим берүүгө жумшалчу убакыт кыскартылганы жатат. Билим берүү жаатында тажрыйбасы мол депутаттар Абдувахаб Нурбаев менен Наталья Никитенко бул кыскартууга каршы экенин айтышты. Алар балдар сапаттуу билим алышы керектигин белгилеп жатышат. Бул демилгенин тагдыры парламенттин колунда, жакынкы күндөрү кайрадан талкууга түшөрү күтүлүүдө...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан