2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тарта айрым мектептер 5 күндүк окууга өтүшөт

2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тарта айрым мектептер 5 күндүк окуу жумасына өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2016-2017-окуу жылында окуу жумасы 1-11 класста окугандар үчүн 5 күн болмокчу. Ал эми жумасына окууга 30 сааттан ашык убакыт каралган болсо, жумасына 6 күн окушат. Бул токтом өлкөдөгү бардык мектептерге тийиштүү.

"Учурда мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, жумасына 1-5-класста окугандарга 20-30 саат каралат, 6-11-класстагыларга 30-33 саат. Буга ылайык, кошумча билим берүү сааттарын ата-энелердин макулдугу менен окуу жуманын 6-күнүнө которуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Keremet008
2017-01-13 10:03:19
6 кун эле окушканы жакшы го дейм и так мектепте майрам кундоруно жакын агай эжейлер анча мынча теманы отпой ле окуп тургула дейт да,майрам буткон сон 2-3 тема калып кетет да аттап туруп сабак ото баштайт. Айрыкча май айларында ушундай.
0
KurcAinura
2017-01-13 15:00:57
Keremet008, биринчиден сизден кечирим сурап кетейин, сиз озунуз мугалимдин айлыгы менен жашай алаар белениз, агай-эжейлерге куноо койордон мурда ойлоп корунузчу.
Азыркы кездеги Кыргызстанда мугалим болуп иштеген инсандарга таазим кылабыз, аларга караганда кочодо отуруп семичке саткандар кобуроок табышат жоопкерчилиги да жок.
+1
Keremet008
2017-01-13 17:49:57
KurcAinura,туура мугалимдин айлыгы аз денизчи,бирок окмот которбой атса биз карапайым эл кантмекпиз. А мен окуучуларды ойлоп жатам. Мен точно билем биздин агай эжелер точно ошондой болгон кооп эле темалар калып кетчу
0
knk
2017-01-13 10:22:03
Keremet008 бул эмне деген билдируунуз. Агай, эжейлер кантип эле сабакты таштап майрамдап кетип калсын. 5 кун болсо деле 6 кун болсо деле мугалимдерге айырмасы жок. Болгону окуучуларга жакшы болмок.
-1
UrmatbuAzambekova
2017-01-13 11:12:17
Беш кундук болсо жакшы болмок .
-2
ruslanz
2017-01-13 11:40:11
5кун жакшылап окушса эле жетет. Олко б-ча эле 5кун кылып коюшса болмок. 6чы куну окууч-дын катышуусу да аз, кабыл алуусу да томондойт, башталгыч кл-га тамак берилбейт, сабактары 3-4 саат. башка кунго жылыштырып койсо болот.
0
tatynam_88
2017-01-13 13:59:17
Окутпай эле мектептерди жаап салышат ко мындайда.анан каяктан илимдуу-билимлуулор?каяктагы тарбия?
0
ZHYRGAl1412
2017-01-13 15:01:59
Неге 5кун окушат же кыргызстанда окумуштуулар кобойуп кетип атабы.наоборот 6 кун 6сааттан окусундар жумасына 36сааттан анан мугалимдердин айлыгын которуш керек коп мугалимдер эптеп эле окутушат убакыт ото болду
-1
isa-80-80
2017-01-13 21:21:26
Мугалимдик кесип абдан туйшугу оор, жоопкерчиликтуу кесип. Башка кесиптегилер кечинде уйлорундо тынч эс алышат. А мугалимде кечинде да эс алуу жок. Эртенки кунго сабакка даярданмай... Анык бешене тер менен жуманын алты куну тен иштеп аз айлык алган мугалимдерге алкыш гана айтышыбыз керек... Чиновниктердин, депутаттардын айлыгын мугалимдердин айлыгына тенеш керек, ошондо адилеттуулук болуп айлыктар бирдей которулуп турмак...
0
Ayida
2017-01-15 18:28:43
Мен такыр тушунбодум.Жумасын 5 кун окуганга отушот дейт.Кайра эле жумасына 6 кун окушат дейт ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан