Бишкектеги учак кырсыгынан, алдын ала маалымат боюнча, 16 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 15 жергиликтүү тургун каза болгон. Алардын алтоосу жаш балдар. Ошондой эле 1 учкуч көз жумган. Учурда жабыркаган 6 адамга медициналык жардам көрсөтүлүүдө, 3 адам жандандыруу бөлүмүндө.