Индиянын Батыш Бенгалия штатында диний фестивалда 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, салтанатта тепсендиде калып каза тапкандардын баары аялдар болгон. Алар кайыкка отуруп жатканда элдин бут алдында калышкан. Мындан сырткары бир нече адам жабыркаган.
Кырсык Сагар аралында орун алган. Индиялыктар ал жакка жыл сайын 14-15-январь күндөрү Капил Муни храмына зыяратка барышат.