Бүгүн, 16-январда актёр Азиз Мурадиллаев "Манас" аэропортунун кырсыкка байланыштуу каттамдарды токтотушунан улам Стамбул шаарына учпай калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди.
"Билет бүгүн таңкыга алынган болчу. Кырсыкка байланыштуу каттамдар токтотулуп, Азиз учпай калды. Стамбулдагы клиниканын дарыгерлерине чалып, болгон окуяны түшүндүрдүк. Эми ушул жумада билетти башка күнгө алмаштырабыз", - деп билдирди Э.Жумалиева.
Белгилей кетсек, актёрдун дарылануусуна кыргыз кызын алган Түркиянын жараны жардам берип жатканы, операциянын баасын 100 миң доллардан 30 миң долларга түшүргөнү айтылган.
Ал эми аэропорт качан кадимки тартипте иштеп баштаары азырынча белгисиз.