Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна кыргыз кызын алган түркиялык жаран да колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди.
"Түркиялык Фуркан Улусой аттуу жаран бизге чоң жардам көрсөттү. Ал Түркиядагы "Мемориал" клиникасында кымбат делген операциянын баасын дээрлик 100 миң доллардан 30 миң долларга арзандатып берди", - дейт Э.Жумалиева.
Белгилей кетсек, актёрдун дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев 414 миң сом бөлгөн. Азиз Мурадиллаев апасы менен Түркиянын Стамбул шаарына 15-январда учуп кетет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да Мурадиллаевди мейманканага жайгаштыруу, котормочу таап берүү боюнча маселелерди чечкени белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Фуркан Улусойдун келинчеги Тынара Улусой аттуу кыргыз кызы 2015-жылы Түркиянын парламентине өз талапкерлигин коюп жаткандыгы, жолдошу менен кантип таанышып калганы, жеке жашоосу тууралуу "Супер-Инфо" гезитине маек курган.