Боинг кырсыгы: Каза тапкандардын 13ү балдар

Бишкекке жакын жерге Боинг учагынын кулашынан каза тапкандардын саны расмий түрдө 32 киши деп маалымдалды (16-январь, саат 17:00гө карата). Булардын 13ү жаш балдар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, дагы 10 адамдын дене бөлүктөрү табылып, атайын баштыктарда өлүкканага жеткирилген. Азыркы учурга карата 9 адамдын өздүгү аныкталды, булардын үчөөсү балдар.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Каза тапкандардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.

40ка чукул адамдын өмүрүн алган авиакырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn7776
2017-01-16 18:27:40
Бул эл отурукташкан жерге озу уруксат берилген эмес экен уй салганга, анда эмнеге мамлекет алдын алып сурдуруп салабыз деп жашоочуларга эскертуу берген эмес??!!! Мамкаттоо тарабынан мыйзамсыз Кызыл китеп бериле берет экен, аны трансформация болбогон жерлерге чиновник тер алышып, сатып иш кылып жатат...Аягы келип ушундай кайгылуу фактылар менен бутот
0
Kroxa
2017-01-17 00:48:44
Туура эмес жерди захват кылып салып алышкан го..эмнеси болсо да ажалдын торуна тушкон кары жашка,, наристелерге жайлары жаннатта, топурагы торко болсун дейличи...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан