Куруучулар башкармалыгынын дачалары аймагындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган Боинг 747-400F учагы бүгүн 40ка жакын Кыргыз жаранынын жанын алып кетти. Учурда кырсык катталган жерде куткаруучулар издөө иштерин улантып, жабыркагандарга жана иш үстүндөгүлөргө ысык тамак, ысык чай уюштурулду. Ошондой эле Бишкектин айрым жерлеринде ачылган хоспистерге үй-жайсыз калган жарандардын балдары жайгаштырылганы маалым болгон. 1 саат мурун 32 маркумдун аты-жөнү аныкталып, жарыяланды. Арасында 2 кош бойлуу келин жана 4 айлык наристе болгон. Тиешелүү министрликтен билдиргендей, учак кулаган жерге күнү-түнү күзөтүү штабын түзүшүп, психологиялык жардам көрсөтүү пункту иш алып барууда. Ал эми турак жайдын урандыларынан жана учактын бөлүктөрүнөн аталган аймак толугу менен эртең, 17-январда тазаланып бүтмөкчү.