Бишкекте "Октябрь райондук сотунда бомба бар" деп жалган маалымат берген 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-январь күнү саат 16:50 чамасында "102ге" маалымат келип түшкөн. Анда Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлганы айтылган. Ал жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышып, текшерүүгө алышкан, бирок эч кандай бомба табылган эмес. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ж.А. кармалган. Анын бомба тууралуу жалган маалымат бергени такталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.