16-январда болгон авиакырсыктан жабыркагандарга акчалай жардам чогултуу үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Бишкек шаарында азык-түлүк жана кийим-кече чогултуу пункттары жабылды, себеби алар керектүү өлчөмдө чогултулду. Учурда акчалай жардам чогултуу зарылчылыгы чыгууда. Ал үчүн атайын бирдиктүү эсеп ачылды. Урматтуу мекендештер, жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалагандар атайын эсепке каражат которо алышат", - деп айтылат маалыматта.
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
Салык төлөөчүнүн салыктык далдаштыруу номери (ИНН): 00103200110150
Эскерте кетчү жагдай, жогорудагы эсепке өлкөнүн бардык аймагынан жана дүйнөнүн бардык бурчунан каалаган банктан акча которо берсе болот.