Учактын кыйрашынан бир үй-бүлөнүн багуучусу каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 17-январда маркумдун иниси Алтынбек Жапаров SUPER.KG порталына билдирди.
"Туугандарым кырсык болгон аймакта жашашчу. Ал күнү 51 жаштагы Сүйүнбай Батыров аттуу агам башка бөлмөдө жаткан экен. Аны учактын катуу соккусунан кулаган дубал, бетондор басып каза болду. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө жаткан туугандарым аман калышты. Карындашымдын буту сынып, баш мээси чайкалыптыр. Ооруканада дарыланып жатат. Калган үй-бүлө мүчөлөрү аман", - деди маркумдун иниси Жапаров.
Анын айтымында, эки күн мурда бөлмөнүн ичиндеги керебетти ордунан башка орунга жылдырышкан.
"Учак кулап, керебеттин мурдагы турган ордун талкалап, сүрүп өткөн. Ал жерде буга чейин 2 жаштагы бөбөгүм жатчу. Бактыга жараша, наристебиз Кудайдын керемети менен аман калды", - деп кошумчалады Жапаров.
Маалыматка ылайык, маркумдун туугандары кырсыктын болгонун сыналгыдан көрүшкөн. Ал эми бүгүн Сүйүнбай Батыровдун сөөгүн Ош облусунун Куршаб айылындагы дарегине жеткирүү үчүн ӨКМдан бөлүнгөн унаа шаардагы өлүкканадан алып чыгып кеткен.