Өмүрбек Бабанов аза күтүү күнү концерт уктурган радиолордун ээлерин жоопко тартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов 17-январь - аза күтүү күнү эфирден концерттик программа уктурган радиолордун жетекчилерин жоопко тартууну сунуштады.

Бабанов: "Элдин баары кайгырып, коңшу өлкөлөрдөн бери көңүл айтып турган учурда өлкөбүздө концерт уктурган радиолор болду. Бул күнү элде концерт уга турган маанай беле? Бизде мыйзамга баары баш ийип иштейби же ким каалаганын жасай береби? Радио жетекчилерин жоопко тартуу керек", - деди.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен өлкөдө 17-январь - аза күтүү күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу өлкөдөгү маданий мекемелерде, телерадиокомпанияларда оюн-зоок программаларын уктуруп-көрсөтүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан