ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: 146 жыл мурун жарым кылым өмүр сүргөн Германия империясы курулган

Биринчи император Вильгельм IМындан 146 жыл мурун, 1871-жылы 18-январда Версаль шаарында Германия империясынын курулгандыгы жар салынып, биринчи императордук тактыга прусс кайзери Вилгельм I отурган.

1870-жылы 19-июлда франк-прусс согушу башталган. Пруссиянын канцлери Отто фон Бисмарк жана падыша Вильгельм I Германияны бириктирип, Франциянын күчүн жок кылууну көздөшкөн. Жыйынтыгында түндүк германиялык союздун аскерлери жеңишке жетип, Германия империясы түзүлгөн. Франциядагы Версаль сарайында немистердин империянын курулгандыгын жар салуусу француздар үчүн басынтуу болгон. Аз убакыттын ичинде Бавария жана бир катар түштүк германиялык мамлекеттер империяга биригишип, француздар немистерге контрибуция катары 5 миллиард франк төлөп берген. Бул акча немис экономикасына бекем пайдубал болуп берген.

1882-жылы немис колониалдык коому түзүлүп, ушул мезгилден тарта Африкадагы жана Океаниядагы аймактар басылып алынган. 1885-жылы Отто фон Бисмарк басып алуучулук саясаттан баш тартып, Франция жана Англия менен мамилени жакшыртууну максат кылат. 1884-1885-жылдары өткөн Берлин конференциясында Африка европалык державаларга бөлүнүп берилген. Германия империясын Вилгельм Iден кийин Фридрих III (1888) жана Вильгельм II (1888-1918) башкарган. 1918-жылы 9-ноябрда Германияда революция башталып, жыйынтыгында монархиялык бийлик кулаган. Ал эми император Нидерланды мамлекетине качууга аргасыз болгон.

18-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан