Кытайдан Лондонго 12 миң чакырым жол жүргөн жүк ташуучу поезд 18 күндө жетип келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытай өлкөсүнөн жүк алып чыккан поезд Казакстан, Орусия, Беларусь, Польша, Германия, Бельгия, Франция мамлекеттерин аралап өткөн. 12 миң чакырым жол жүргөн поезд деңиз аркылуу каттамдан 3 эсе бат, ал эми жүк ташуучу учактан 5 эсе арзан жүк жеткирген.
Бул поезд каттамы аркылуу 68 контейнер менен Кытайдын азык-түлүктөрү жеткирилген. Мындан ары Кытай Лондонго жумасына бир жолу поезд жиберүүнү пландоодо.