Учак кырсыгынан каза болгон экипаж мүчөлөрүнүн үчөөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-январь күнү өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Жүк 200" бүгүн саат 07:55 чамасында №349-авиакаттам аркылуу Бишкек-Стамбул багытында жөнөтүлдү.
Кечээ, 18-январда экипаж мүчөлөрү Ибрагим Даранжы, Казым Өндүл жана Ихсан Кожанын жансыз денелери Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине өткөрүлүп берилген. Ал эми төртүнчү экипаж мүчөсү Мелих Асландыкы делген сөөк өлүк сактоочу жайда. Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүүдө. Аныкталган соң мекенине жөнөтүлөт.
Айта кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан.