"Сочиге КВНде карьераны жыйынтыктайын деп келдим эле, эми дагы ойногум келип калды" дейт Актан Рыскелдиев

Ушул күндөрү Орусиянын Сочи шаарында "КиВиН-2017" 28-Эл аралык фестивалы кызуу өтүп жатат. Анда КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталган "Азия МIX" командасы конок катары оюн көрсөтсө, "Позитифф" командасынын жигиттери фестивалдын экинчи туруна өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган команданын оюнчусу Актан Рыскелдиев билдирди.

"Биринчи жолу келгендиктен тажрыйба жетишсиз болуп, 2-турга өтө алган жокпуз. Кыргыз жеринде кыйын болгонубуз менен, бул жерде колубуздан келгени ушул болду. Ошентсе да жогорку көрсөткүчкө ээ болгон командалардын арасында болдук", - дейт А.Рыскелдиев.

"Тамашоучу" фестиваль ал үчүн жакшы тажрыйба болгонун айтат: "Жеке мен үчүн аябай жакшы тажрыйба болду. Мен КВНде карьераны жыйынтыктайын деп келдим эле, эми, тескерисинче, дагы ойногум келип калды".

Белгилей кетсек, фестивалда 1, 2 же 3-орун, баш байге деген жок. Анда 600дөн ашык команданы 10дон ашык редакторлор Жогорку, Премьер, Биринчи Лигаларына тандашат. Фестивалга катышкан 640 команданын ичинде Орусия, Армения, Улуу Британия, Германия, Беларусь, Грузия, Эстония, Казакстан, Тажикстан, Украина, Абхазия сыяктуу бир топ мамлекеттер жана Кыргыз Республикасынан барган оюнчулар бар. "КиВиН-2017" 28-Эл аралык фестивалы 23-январга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Alixan-Nookat.2015
2017-01-19 13:16:04
Кыргыз жеринде деле кыйраткан тамашанарды корбопмун эсте каларлык, нонеймдин, универсал командасынын тамашалары эсте бар, кантседа ийгилик каалайм.
+21
Arsenal2
2017-01-19 14:56:58
Alixan-Nookat.2015,анткени алар оштун командасы да.эсинде болот да анан.ушинтип озунор болунуп баштайсынар
-15
topchubaii
2017-01-19 15:06:43
Arsenal2,бул жерде бөлүнүү деле байкалбады го? сен өзүң өлүп баратасың бөлүнүп.
+8
Arsenal2
2017-01-19 16:07:42
topchubaii,мен олбой эле.болбой эле жон эле жакшы созунорду айтып койгула да болунбогонунор чын болсо.булар деле кыргыздар кыргыздын атын таанытып жатышат силер мактап жаткан командалар барсын эмки жылы королу кыйынын.чет жактан айтмакчы ал жакта орусча ойношот оштукча эмес кыйналып калышпайбы
-6
xadyr
2017-01-19 16:41:03
Arsenal2,бул жерде отуруп баатыр болуш оңой эле, оштукча дегениң үчүн мага жолугуп жооп бер эркек болсоң.
+2
Arsenal2
2017-01-19 18:07:40
xadyr,жолуккун келип атабы, жолугалы анда координатан калтырчы эркек болуп
-1
xadyr
2017-01-19 15:16:51
Arsenal2,ушул жерде да сасып бөлүнүп жатасыңбы?
+5
baltabai
2017-01-19 13:21:31
Aktan dosum alga
-6
adimyrza
2017-01-19 13:35:41
Силер тамашодо да кыйратпачу эленер КВНге жол болсун
+6
aadanova14
2017-01-19 13:38:57
Оа жакшы тамашанарды корбодум маанисиз
+5
maks94.kb
2017-01-19 14:25:56
Озунчо дерскийлер командасы же кыйраткан деле тамашалар жок
+6
nemo2016
2017-01-19 14:26:45
Жакшы Алга актан
-6
vangolu
2017-01-19 16:12:06
Карьера деп тим эле юеш алты дипломдун ээси болгонсуп суйлоптур го
+6
admin_portal
2017-01-19 16:48:28
xadyr,
Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга жана аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
isnur93
2017-01-19 19:38:02
Жаман "беееемаанииииии"эле ушу бала Актан,аялы экоо берген маегинен деле баякалып турат ...аялыда озуно окшош экен,тилдерин чыгарышып,аялынын астындада сыйы жоккен.
+5
ayjan_90
2017-01-19 20:12:49
Карьера деп куйгузот го норм тамашасы деле жок го буларга караганда универсал 100% ойдо тамашалары да мыкты
+5
Kakaly
2017-01-19 20:17:15
Жон эле койчу Актан. Андан коро башка жумуш караштыр!!!
+5
ainura220888
2017-01-19 23:24:17
Универсал командасы жагат мага бут тамашоудон. Тамашалары укмуш соонун. Ошолор чыкса болот Кыргыздын атын коргоп Сочиде. Актан вообще жакбайт калжандай беретго. Айткан тамашасынын дайыны жок.
+2
Ramina-malina
2017-01-20 02:14:14
Uwul jerde da bir kuidurgu jurot da bolunup jarylyp...ХХХ ozundyn yplas ekenindi dalildep oturasyn...
+2
admin_portal
2017-01-20 12:28:18
Ramina-malina, этика нормаларын сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан