"Манас" аэропорту: "Түркиялык учак Кыргыз Республикасына жүк түшүрүү үчүн келген эмес"

16-январда кыйраган "АСТ Airlines" авиакомпаниясынын учагы Кыргыз Республикасына жүк түшүрүү үчүн келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түркиялык учак “Манас” аэропортуна май куюу үчүн гана конуу максатын көздөгөн.

Кечээ, 18-январда Стамбулдагы авиакомпаниянын өкүлү ММКларга берген маегинде учакта жетиштүү күйүүчү май бар болгонун айтып, Бишкекке жүк түшүрүү үчүн барганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан