Базар-Коргон районунда мектеп чатырынан кулап кеткен окуучунун абалы оор болууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун тургуну, кырсыкка кабылган окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова билдирди.
"Баламдын абалы оор болууда. Дарыгерлер баланын баш мээси катуу чайкалган деп жатышат. Азыркы учурда балама дары берип уктатып коюшту. Ойгонгон сайын башым деп кыйкырып жатат. Уулум бир көзү такыр көрбөй калганын, экинчиси жакшы көрбөй жатканын айтууда. Мен ооруканага келгенче дарыгерлер бутун гипс менен таңып коюшуптур. Паспортумду, зер буюмдарды күрөөгө коюп 10 миң сом карыз алдым. Каражат таппай баламдын ден соолугу үчүн ар кимден карыз сурап жүрөм", - дейт Ибраимова.
Тиллекан Ибраимова мектеп директоруна кылмыш иши козголуп, баласынын ден соолугу үчүн жооп бериши керектигин айтууда. Анын 3 уул, 1 кызы бар. Чатырдан кулаган Маматкерим уулу Муса кичүү баласы.
"Директордун кызматтан алынышын талап кылам. Баламды чатырга чыгарбашы керек болчу. Абалыбызды сурап ооруканага басып келип койгон жок. Бизди "колунда жок, колунан эмне келмек эле" деп тоготпостук кылып жатат. Ал эми кечээ баламдын класс жетекчиси, 2-3 мугалим каражат чогултуп, 5 миң сом беришти. Бул каражат да баламдын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жетпейт", - деп кошумчалады Ибраимова.
Эске салсак, Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин 10-классынын окуучусу чатырдагы тууну алуу үчүн чыгып, тайгаланып кулап кеткен.