SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Байыркы түрк тилдүү элдер биригип держава курса..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Түрк дүйнөсү эч качан бирикпейт!"
"Албетте, сонун болмок. Биригип бир мамлекет болуп кетпесе да, Евросоюз сыяктуу бир нерсе түзсө болот".
"Баары бириксе, өтө чоң жана дүйнөнү титиреткен улуу держава болмок".
"Жо-ок, минтип биригүү мага жакпады жана бул болбойт дагы. Болгону бир идеологияда биригүү керек. Аскердик жактан да аскерий идеологияда биригүү керек".
"Түркияны коё тур, Орто Азия бири-бирине жакшы мамиледе болуп, Орто Азия биримдигин түзсө жакшы болмок. "Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" дейт го. Анын сыңарындай, биз Европа, АКШ, Корея, Япония менен миң жакшы болуп, алардан жардам алганыбыз менен, коңшубуз тынч эмес же мамилебиз жаман болсо, эч качан өнүкпөйбүз. Евросоюздун элдери бири-бири менен согушуп, бири-бирин экономикалык, саясий кысымга алып жакшылыкка жете албай турганын эчак түшүнүшкөн. Болбосо алар деле, Германия, Франция, Англия бири-бири менен согушуп келишкен. Аларда болгон ошол чыр-чатак доорлору бизде эми болуп жаткандай".
"Эгерде өнүккөн күчтүү мамлекет болгонубузда, мындай биригүүнү каалагандар аз болмок. Ким эле байлыгын бөлүшкүсү келсин?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.