Транспорт жана жол министри: "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүү бүтө элек"

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеди, Кытай долбоордон баш тартат деген маалымат жалган". Бул тууралуу 20-январда SUPER.KG порталына транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди. Учурда аталган долбоор боюнча эксперттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланып жатат.

"Бардык эле өлкөлөр ортосундагы долбоордо ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын алдыга сүрөйт. Кытай дагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маршруту боюнча өз версиясын сунуштап жатат. Бул вариантта жолдун узундугу 271 чакырымды түзөт, бирок бул версия бизге туура келбейт. Темир жол өткөн аймакка электр энергия жеткирип, инфраструктура түзүү керек болот. Биздин бир эле вариант бар: темир жол Торугарттан чыгып Жалал-Абадга келиши керек. Азыркы учурда позицияларды тактоо жүрүп жатат, эксперттер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деди Калилов.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей жатканын айткан эле. Кытай бул жолду Кыргыз мамлекетинин аймагынан эмес, Казакстандын аймагынан өткөрүшү мүмкүн экенин, альтернативдүү варианттарды карап жатканы да айтылган.

Аталган долбоордо темир жолдун маршруту жана эни боюнча талаш бар экени белгилүү. Кыргыз тарап жолдун кеңдиги 1 метр 52 сантиметр (КМШ өлкөлөрүнүн поезддери жүрүүгө ылайыкташкан) болорун айтса, Кытай тарап 1 метр 43 сантиметр (Кытай стандартына ылайык) болорун билдирип келген. Жолдун маршруту боюнча да так вариант аныктала элек. Долбоорго ылайык, Кытайдан чыккан темир жол Ат-Башы аркылуу Жалал-Абадга келип, андан ары Өзбекстанга өтүшү керектиги айтылып жүрөт. Ошол эле учурда экинчи вариант да сунушталган. Ал схема боюнча жол Эркеч-Тамдан башталып, өлкөнүн түштүк аймагы аркылуу Өзбекстандын Анжиян облусуна келип жетмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан