Чүй облусунда 48 жаштагы тургун уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"2016-жылдын 10-июнунда Аламүдүн РИИБине 41 жаштагы Көк-Жар айылынын А.Н. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар терезе аркылуу үйүнө кирип, 5 миң сомун жана унаасынын ачкычын алып кетишкенин айткан. Кылмышка шектүү катары 48 жаштагы С.В. кармалган. Ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенип жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.