Бүгүн, 20-январда Вашингтондогу Капитолий имаратында АКШнын 45-президенти Дональд Трамп ант берди. Бул маанилүү иш-чара дүйнөлүк бир катар ММКларда түз чагылдырылды.
Трамптын инаугурациясына миңдеген жаран катышты. Анын ичинде АКШнын 44-президенти Барак Обама жана башка жогорку кызматтын өкүлдөрү бар.
Өз сөзүндө Трамп: "Биз абдан көп жылдар бою Вашингтондо саясатчылар кармап турган бийликти элге кайтарып беребиз. Өтө көп убакыттан бери Вашингтондо бир ууч саясатчылар гүлдөп, ошол эле учурда эл жабыр тартты. Азыр бир партия экинчисин алмаштырары маанилүү эмес, маанилүүсү - 2017-жылдын 20-январы адамдар кайрадан өз өлкөсүнүн башкаруучуларына айланган күн", - деди.