Жакынкы күндөрү абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүп, тоолуу райондордо -30°ка чейин жетет. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-25-январда өлкө аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -10…-15° суук. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз -4° сууктан…+1° жылуу болот. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.