Аламүдүн районунун Достук айылында 25 жылдан бери бир дагы социалдык курулуш курулбай, айыл эли унутта калды

Аламүдүн районунун Достук айылында 25 жылдан бери бир дагы социалдык имарат курула элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Достук айылынын депутаты Үрүстөм Исаков билдирди.

"Достук айылы буга чейин Фрунзе заводунун дачасы болгон. 2007-жылы айыл макамын алган. Андан бери 10 жыл убакыт өтсө да, бир дагы социалдык имарат курулган эмес. Мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу курулуштар, аларды куруу пландалбай келет. Учурда 200дөй наристе балдар бакчасына барбайт. Ал эми окуучулар 4 чакырым аралыктагы мектепке маршруттук такси менен барышат. Көйгөйлөрүбүздү тиешелүү кызматтар чечип беришсе жакшы болмок", - деди айылдык кеңештин депутаты Исаков.

Достук айылында 900дөй кожолукта 5 миңге жакын эл жашайт. Айылда таза суу маселеси чечилбегендиктен, эл өз алдынча жерди казып, түтүк орнотуп суу чыгарып алган. Жаан жааган учурларда кум аралаш суу чыгып, жергиликтүүлөр түрдүү ооруларга чалдыгып жатканын айтышты. Ал эми короосунда мындай мүмкүнчүлүгү жоктор сууну айылдын башына барып ташып келишет.

Жергиликтүү тургун Салтанат Алманбетова буларды кошумчалады: "Биздин айылдын эли үчүн таза суу маселесин чечип берсе жакшы болот эле. Кум аралаш сууну ичип ар кандай ооруларга кириптер болуп жатабыз. Мындан улам алган сууну бир канча убакытка тунганча коюп, анан кайнатып ичкенге аргасызбыз".

Айылдын көйгөйүн чечүүдө айыл өкмөт башчысы бир канча убакыттан бери эл менен жолугушуу өткөрбөгөнүн, ошол эле учурда Достук айылы кароосуз, унутта калганын айылдыктар кошумчалашты. Мындан сырткары айылдын четиндеги кир суу аккан канал 15 жылдан бери тазалана электигин айтышты.

"Биз Бишкек шаарынан 4 чакырым алыстыкта жашайбыз. Биздин эл илгерки заманда жашагансып күн кечирүүдө. Ички жолдорубуз каралбай, жаан мезгилинде баткакка айланат. Таңга маал караңгыда жаш балдар маршруттук таксиге отуруу үчүн баткак кечип чоң жолдон өтүшөт. Айылды айланып өтүүчү атайын кичи автобус жүргүзүп койсо деп суранат элек. Ошол эле учурда көчөлөр жарыктандырылбай, уурулар көбөйүп кетти", - дейт айыл тургуну Мая Ташбаева.

Сокулук районунун Достук айылындагы элдин көйгөйү
Сокулук районунун Достук айылынын эли таза сууга муктаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан