Казакстандык белгилүү продюсер Баян Есентаева турмушка чыгат

Казакстандык белгилүү продюсер, актриса, алып баруучу Баян Есентаева (Максат кызы) турмушка чыгат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар продюсердин социалдык тармактагы билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

"Колумду сураган адамдын сунушун кабыл алдым. Турсенгали Алагузов" деген билдирүү калтырган Баян Есентаева. Анын мындай билдирүүсүнө колдонуучулар ал эч нерсеге карабай бактылуу болуусу керектигин айтышып, каалоо-тилектерин жаадырышкан. Ал эми Турсенгали Алагузов да баракчасына Есентаева менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, "ал менин жашоомду өзгөрттү" деп жазган.

Турсенгали Алагузов Казакстанда белгилүү ишкер, меценат катары да белгилүү, эки баласы бар.

Белгилей кетсек, Баян Есентаева 2016-жылдын июнь айында мурунку күйөөсү тарабынан катуу ур-токмокко алынып, оор абалда ооруканага жаткырылган эле. Окуядан үч ай өткөн соң Есентаева алгачкы жолу жашоосундагы каргашалуу окуя тууралуу ачык маек берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
admin_portal
2017-01-23 11:57:27
Seiil.94, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
farida.kg.1991
2017-01-23 12:05:00
мурункү күйөнү кечирген элего эркиндике чыккан эле күйөө менен ажырашканбы.
0
Revolyutsiya
2017-01-23 12:30:54
Демек бул аялдын ала жипти аттап куйоосунун козуно чоп салып журот деген имиш имиштерде жан бар экен. Куйоосунун эмне себептен токмоктогону да айкын болду. Болгону куйоосу сабап камалгыча олтуруп анан камалса болмок.

Жогорудагы аял учурдагы коомдун адеп-ыймандан четтеген катмарынын бир таанымал окулу катары менде иренжуу жаратты. Кыргыз кыз-келиндерине айтаарым: нике ыйык, ак тошогунорду булгабай намыстуу, ыймандуу болгула. Никесиз зынакорлуктан, куноодон алыс жургуло!!!
+15
taalay25
2017-01-23 12:41:27
Эмне себептен сабаганы эми белгилуу.
+10
aminkaerke
2017-01-23 12:51:01
Бактылуу болсун!Негизи жакшы аял экен ур токмокко алса да балдары учун жолдошун кечирген.Алсыз эркек аялга кол которот аялга эркек кызганыш керек чеги менен ур токмокко алган туура емесда Чынында аял тенсибей кетсе акырын соз менен айтып эч болбосо 3 жолу катту катту камчы менен коюуш керек
-3
meni_kut
2017-01-23 12:59:52
aminkaerke,кечирсе каматмак эмес
+2
Ayida
2017-01-23 13:40:35
Куйоосу жакшынакай жигит элегоооооо.Менин ошондой куйоом болгондо башыма которуп алат элемгооо.Бул болсо бир чон киши экен. Эх Баян сага эмне жетпейт акчан болсо уйун бар баары бар куйоон бар эле аттиин. Эми кийин 3 жыл ашып кетсе окуносунгооо
+1
aliko78
2017-01-23 13:46:03
Ayida,туура соз
+2
Adelchik
2017-01-24 04:26:21
Ayida, акча , уй кээде бактылуу болгонго жетпейт!!! Бактылуу болбогондон кийин эмне кереги бар жашап. Бул да болсо биздин менталитет.биздин мээге ушинтип куйулган урса да суйбосон да тынып кет ошол куйон менен деп. Аявай узко мыслите, капа болбонуз!
-1
Ananai
2017-01-23 13:51:12
Ушинтип жеке жашоосун пиарлагандар жаман нервти ойнойт да. Турмушка чыкканын жар салбай эле ары тынып кетээрин кудайдан тиленишпейби. Эртен эле ажырашып кетишсе эл алдында ыңгайсыз абалга келип калышат.
+3
ayjan_90
2017-01-23 13:54:59
Артист менен таксистке ишениш жок дешетго
+4
love_you
2017-01-23 13:55:35
шамал болбосо, чоптун башы кыймылдабайт. куйоосу кызгангандан сабаган го
+5
nargis
2017-01-23 14:34:21
Орун очок алганда очок бузулгандан кудай сактасын.
+3
zamir-bek
2017-01-23 16:34:28
Артистен аял албаш керек. Таксистке болсо тийиш керек, колдон келсе. Айрыкча азыркы заманда.
0
Almagul.akylbekova
2017-01-23 16:51:59
Бактылууу болсун
0
Bubu88
2017-01-23 17:28:28
Кошо жашап көрбөгөндон кийин бир нерсе деш кыйын, мүмкүн ошого жеткирген куйоосу тийсе тийиптир да анын эмнеси бар бактылуу болсун. Күйөөсү 9 жылдан кийин кандай адам болуп чыгат айтыш кыйын куйоосунон коркуп тийгендир балким
+5
bond02
2017-01-23 17:30:02
Тийсе тийиптир да анын кыргызга эмне кереги бар же бизге келин болот бекен.
+1
arzygulR
2017-01-23 18:42:55
Тээк гана бакыт каалап койойлуда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан