Орусияда "зордуктоо", "уурулук" беренелери боюнча айыпталган Кыргыз жараны 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Д.К. аттуу Кыргыз жараны 2015-жылдын ноябрь айында Хакасиянын Абакан шаарындагы үйлөрдүн биринен жеңил унаа уурдап, из жашырып кеткен. Андан сырткары ал бир аялдын сумкасын тартып алып, дагы бир аялды "өлтүрөм" деп коркутуп зордуктаган.
Ишти Абакан шаардык соту карап, Кыргыз жаранын 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ага ылайык, ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт.