ЖЫЛНААМА, 23-ЯНВАРЬ: 3 жыл мурун мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп кирген 11 кылмышкер өлтүрүлгөн

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 23-январда Кыргыз-Кытай чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген 11 кылмышкердин баары өлтүрүлгөн. Ошол күнү таңга маал аңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкин аңчылык лагерине кайтып келе жатып белгисиз адамдарга жолуккан. Алардан өздүгүн тактоочу документтерин сураганда, эч кимиси орус же кыргыз тилинде сүйлөшкөн эмес. Барыкин дароо Ысык-Көлдүн Кыргыз-Кытай чек арасындагы кызматкерлерге "Пикертык" жылынуучу жайынын аймагында 11 адамдан турган белгисиз топ байкалгандыгы туурасында маалымат берген. Белгисиз адамдардын тобун колдон чыгарбоо үчүн өзү аталган жайда аларды туткундоо аракетин көргөн. Ал эми кылмышкерлер Барыкинди өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан. Кармаш учурунда Барыкин кылмышкерлердин экөөсүн мылтыгы менен атып өлтүрүүгө жетишкен.

Окуя болгон жерге чек арачылар келишкенде, кылмышкерлер аларга ок чыгарышкан. Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан "Пикертык" жылынуучу жайында кылмыштуу топ чек арачылар тарабынан курчоого алынган. Кылмыштуу топтун байкалгандыгы жана алардын курчоого алынгандыгы тууралуу чек ара өкүлчүлүктөрүнүн байланышы аркылуу Кытай тарапка дароо маалымдалган. Бирок чек арачылардын багынгыла деген талабына кылмышкерлер баш ийишкен эмес. Мындан улам атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топ башка күч түзүмдөрүнөн кошумча аскер бөлүктөрү тартылбастан, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасынан бир чек арачы жеңил жаракат алган.

Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдардын жашы 25-30 жаш чамасында, сырткы келбеттери уйгурларга түспөлдөш болгон. Ошондой эле жарандык кийимчен, буттарында спорттук бут кийимдер болгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алардан Куран китеби, жайнамаз, теспе, бычак жана башка буюмдар табылган.
23-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан