23-24-январда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек-Ош, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там, Ош-Мырзаке-Алайкуу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүшү күтүлөт. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Аталган тоолуу аймактар менен жол жүрүүдөн баш тартуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош жолунда кар көчүп жатканы кабарланган.