Кочкор-Ата шаарында самса саткан жарандан 5 миң доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 21-декабрь күнү саат 11:30 чамасында самса сатып тиричилик кылган жаранды белгисиз адамдар тапанча такап коркутуп, 16 миң сом акчасын алып коюшкан. Ошондой эле 5 миң доллар талап кылышкан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ф.У. жана анын шериги З.А. кармалган.