Өзгөндө 22 жаштагы тургун "багып алган ата-энесин кумган менен башка чаап өлтүргөн" деп шектелүүдө

Өзгөндө 22 жаштагы тургун "багып алган ата-энесин кумган менен башка чаап өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон. Анда 22 жаштагы тургун кичинесинде багып алган 63 жаштагы атасы менен уруша кетип, аны кумган менен башка чапкан. Экөөнү ажыратмак болгон апасын да колундагы кумган менен уруп жиберген.

"Экөө ошол жерден жан берген. Алардын үстүнө жууркан жаап, Баткенге качууга аракет кылган. Бирок ал ошол эле күнү Ош шаарынан кармалды. Анын үстүнөн "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aibars
2017-01-25 18:21:33
Кандай гана жакшы тилектер менен баккан баласы акырында кылган жообу окунучтуу.
+3
baltabai
2017-01-25 18:40:38
Jatkan jeri jailuu bolsun
+2
gulmira12345
2017-01-25 18:51:05
мал арыгын баксан оозу толло май чайнайт киши арыгын баксан оозу мурду канталайт деген созго ынандым ата энесине кереги жок баланы жон коюшпаптыр да
+4
salimbek87.kg
2017-01-25 19:21:31
Бору баласы ит болбойт деп бекерге айтылбаса керек.Эх жашоо кайда баратат.
+4
ukmuw-ukmuw
2017-01-26 01:02:01
salimbek87.kg,баары еле андай емес да кандай тарбия берсенер ошонун узурун коросунор
+1
jamilya03
2017-01-25 20:39:23
Окунучтуу жашым откон сайын жалгыздыктан коркуп мен дагы бала багып алайын дедим эле муну окугандан кийин ара жолдо калдым кенеш бергилечи окурмандар
+1
Bekovich76
2017-01-25 20:55:34
jamilya03 турмушка чыгып тороп аланыз Кудай берем десе дагы деле берет
+1
Bubu88
2017-01-25 21:45:37
Баарынар эле баланы куноолопсунор го
-3
Manas230595
2017-01-25 22:57:22
Астафирула кудайга тообо кылайлы ал биздинда башыбызга келбесин негизи адам баласы ажалы жеткенде гана олот а кантип олушун аллах айткан емес кудайдан сураныш керек олумлу женил кылышын багып аласынбы тороп багасынбы ал бала нарагынан болот жана тарбиядан ошон учун айтат бул дуйно сыноо дер балага тарбия бергенде жарымын дин жонундо беру керек кичинесинен динге байланса ал адам жаман болбойт алланын суйукту пенделеринен болот олум бул анык намаз окуйлу алладан кунолорубузду кечиришин сурайлы
+5
beleka
2017-01-26 00:54:41
Оо Астафиралла.
0
KG.Kushtarbek
2017-01-26 02:55:49
журокда таш екенда.Урсада тепседа соккон болсода алар сени багып чонойтурушту элдин балдарынан кем калтырбай
0
Bubu88
2017-01-26 16:24:23
KG.Kushtarbek, урса да тепсе да унчукпай жүрө бергидей эмне ал жолдо жаткан таш беле ары өтүп бери өтүп бир тееп томолоткудай. Тепкенге бир гана таш чыдайт катуулугунан. Бирок ташты да катуу чапсан быркыранып сыныгы келип өзүнө тиет
0
ziko_kt
2017-01-26 14:31:28
ото жаман кабар. журогум ооруду окуп алып. кандай жакшы тилектер менен остургон болсо керек ата-эне. муну окуп эми канчалаган баласыз адамдар бир кадам артка таштайт. андан канчалаган жетим балдар жалдырап ата-эне кутот зарыгып. жаман иш болуптур, каны бузуктан туш келип калган экен да байкуш адамдарга.
0
azimova90
2017-01-31 20:05:25
Ошон учун баланы жаман соз менен тилдеп уят создор менен урушкандан алыс болуш керек баары тарбиядан уруп адамды тарбиялоого болбойт жакшы соз гана онойт адамды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан