Багып алган ата-энесин өлтүрүүгө шектелген жаран: "Атам сени баккандан көрө итти бакканым жакшы, сен жетимсиң деп сабады"

2017-жылдын 10-январь күнү Ош шаарында 22 жаштагы жаран кичинесинде багып алган 63 жаштагы атасы жана 56 жаштагы апасын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө эмнеге мындай ишке барганын айткан.

"Ошол күнү досум келип калып, экөөбүз сыртта 2 саатка чукул сүйлөшүп отурдук. Кийин үйгө кирсем, атам сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөдү. Камчы менен сабап, тепкиледи. "Сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым жакшы" деди. Ага да унчукпай, кечирим сурадым. Бир маалда кумган менен чабайын дегенде колунан алып, үч жолу башка чаап жибердим. Ошол учурда апам чайнекте кайнап турган ысык сууну мага чачып жиберди. Аны да кумган менен чаптым. Атам мени кичинемден бери эле сабачу. 3-4 жашымда жылаңач сыртка чыгарып койгон күндөрү да болгон", - дейт шектүү.

Айта кетсек, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон.

Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (94)
lunakrasavisa
2017-01-26 01:12:54
Ассалооому алейкум! Ата-энесинин жаткан жери жайлуу болсун! Чондорго ынсап, жаштарыбызга ыйман берсин Аллахым.Ал эми комент калтыргандарга соз жок.
+3
lunakrasavisa
2017-01-26 01:17:19
Анда эмне селер коруп турдунарбы? Эмне болгонун Аллах жана ошол 3 адам билет. Ушул окуядан туура жагынан тарбия аласынар деген ниеттемин. Билип билбей тартышканынарга тан калып турам
-2
Take_men
2017-01-26 08:56:19
lunakrasavisa,плюс басам деп атып минус басып алдым
0
adilbars
2017-01-26 02:10:50
Акмак, тозокто куйсун ылайым! Баккан айыбыбы? Ата-энеден айланган айбан!
0
Targarien
2017-01-26 02:11:03
Азыркы замандын балдарына андай кыл, мындай кыл десен ишин болбосун, мага киришпе дейт. Озундун баланды жумшасан айтканды кылбайт. Бир жакшы суйлойсун, эки жакшы суйлойсун. Кээ бир уйбулолордо балдар тууп чонойткон ата-энесин сенсиреп суйлойт. Акча бер дейт. Мен дагы элдин балдарындай журушум керек дейт. Сени тоготпойт, укпайт. Андай баланын колунда калсан карыганда кор болосун. Балдарыбызга ыйман берсин! Балам балалуу болгондо билерсин дейт. Келме кезек, терме тезек!
0
Targarien
2017-01-26 02:20:20
Ата-энелер да балдарына кол которбой. Анын оюн угуп. Баласына чон адамдай мамиле кылыш керек. Баланы тууп койсо эле бала анын менчиги эмес. Баланын да оз ой максаты, каалоосу бар. Баланы кордосо, жамансын, жетимсин, колундан эч нерсе келбейт, мен сени багып жатам дей берсе аягы мээримсиздикке таш боордукка алып келет. Сен биздин балабызсын ошон учун биз сени жакшы коробуз кандай болсон ошондой жакшы коробуз деп жакшы суйлоп мээрим токсо мээрим кайтат
+5
Targarien
2017-01-26 02:22:04
Мына кошунан баласы жакшы го дебеш керек Башка бироого салыштырбаш керек. Анын озунун ата-эне учун кымбат экенин тушундуруу керек
+2
sherzatik
2017-01-26 02:22:51
Жигит адаштың өлтүрүп коюп. Албетте жаткан жерлери жайлуу болсун!!Ушул ишти кылбастан ал үйдөн кетип калууң керек болчу эгер дайыма урчу болсо.
+4
gitaris93
2017-01-26 02:33:43
Жаткан жери жайлуу болсун. Эч бир ата эне баласын багып алса дагы жетимсин деп айтпайт. Бала ошончолук камчы менен чапканга озу жеткизгендир да. Аллах баарыбызга ынсап ыйман берсин.
+1
barchyn92
2017-01-26 02:41:30
Озун эле олуп калбапсын ошондон коро бети жок ХХХ
-2
admin_portal
2017-01-26 09:34:08
barchyn92, этика нормаларын сактаңыз!
0
rnurzida
2017-01-26 03:34:16
Күбө болчу ата-эне каза болду, каалаганын айта берет да эми ((. Апасы биздин айылдан экен эле ... Жайлары жанаттан болсун.
+1
gulperi.kg
2017-01-26 07:00:48
Сенен коро ит багып алышпаптыр.Ошол ит да короосун коооруп пайдасын тийгизет.Каны бузук арам окшойт.Бечаралар аны кайдан билет.
0
azamat1978
2017-01-26 07:57:38
Акча сураганда кочого озу иштебесе.
+1
ariet.kaary90
2017-01-26 08:17:23
Эмне дешимди билбейм ой тооба кылайын, кай жака баратабыз
+2
Gulnur1980
2017-01-26 11:32:32
Каарыган адамдар 22 жаштагы баланы урушса урушкандыр,жаман бол деп урушмак беле ата эне.Баласы жаман нерсе кылган ошончун урушкан.Туура эмес иш кылсак албетте согуш угабыз азыр деле.Баланын каны бузук экен да значит,менимче атасы ошондой адам болгон....
Ата эненин жаманы жок!!! Бул кылганындын азабын эми тартасын,катаны ондойм десен да эми кеч,колун сынгыр ХХХ!
0
admin_portal
2017-01-26 11:37:00
Gulnur1980, этика нормаларын сактаңыз!
0
Asyl10
2017-01-26 15:27:12
Аябай жаман иш болуптур, бирок азыркы кезде жаштарга жумуш жок уйдо отуруп калышкандыктан озгочо оз аталары деле абдан жаман создорду айтып, менин пенсиямды жеп отурасын,акмак деп коп жанжал чыгарып согушот. Бул балага деле кыйын болуптур. Бирок озун басып уйунон чыгып эле кетпептир. Кызуу кандуулукка алдырган да жаш экен. Баккан ата-энесинин бейишин берсин. "Жетим козу асырасан оозу-мурдун май болоор,жетим бала асырасан оозу-мурдун кан болоор" деген макал бекер чыкпаган экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан