Бүгүн, 26-январь күнү саат 10:00 чамасында Бишкектеги чачтарачтардын биринен чыр чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "чачтарачта иштеген кызга кол көтөрдү" деп айыпталып жаткан Монополияга каршы агенттигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Гүлжигит Исаков билдирди.
Анын айтымында, ал кызга кол көтөргөн эмес. “Мен ал чачтарачка дайыма барган кардармын. Мурда бир жолу ошол жерде иштеген бир балага чачымды алдырсам, бузуп койгон. Андан кийин башка бир кыз тейлеп жүрдү. Ал кыз жумуштан чыгып кеткен экен. Бүгүн барсам, алар мени тейлебей турганын айтышты. Ошондой эле орой мамиле менен “чыгып кетиңиз” дешти. Ошол учурда бул кылгандары туура эмес экенин айтып, менин дагы укуктарым бар экенин түшүндүргөм. Монополияга каршы агенттигинин коомдук кеңешинин мүчөсү экенимди билдирип, күбөлүгүмдү көрсөткөм. Ал ызы-чуу чыгарып, “мени урду” деп милицияга, жигиттерине чала баштады”, - дейт ал.
Буга чейин активист Канат Мидин уулу социалдык түйүндөгү баракчасына чачтарачта иштеген кыз анын тууганы экенин белгилеп, кардары ал кызга кол көтөргөнүн жазган.
Эки тарап тең бири-бирине каршы милицияга арыз жазып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.