MegaCom: «Чектөөсүз 4G» тарифин кошуп алуунун 6 себеби

«Чектөөсүз 4G» - бул өлкөбүздүн алдынкы мобилдик оператору тарабынан сунушталган супер тариф. Аптасына 7 күн, суткасына 24 саат бою жогорку ылдамдыктагы жана чектөөсүз интернет дүйнө желесине тынымсыз саякат жасагандар үчүн өзгөчө ыңгайлуу. Анда эмесе, бул тарифти кошуунун артыкчылыктуу 6 себебине токтоло кетели:

  1. Бул ыңгайлуу. «Чектөөсүз 4G» - жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет – жакындарың жана досторуң менен каалашыңча баарлашуу, HD форматта видеороликтерди жана фильмдерди көрүү, музыка жаңылыктарын жүктөө жана башкалар.
  2. Бул пайдалуу. Болгону 1290 сом үчүн 30 күнгө 4G түйүнүндөгү максималдуу ылдамдыктагы интернет.
  3. Модем белекке. Ал эми тарифти 2017-жылдын 30-июнуна чейин кошсоңуз жана 2 ай үчүн акысын төлөп койсоңуз, заманбап 4G модемди акысыз аласыз. Тарифти 2 айга кошуу наркы 2580 сомдун ордуна 2000 сомду түзөт .
  4. Акысыз Wi-Fi роутер. Тарифти кошуп, 3 ай үчүн акы төлөсөңүз, 4G Wi-Fi роутерди акысыз аласыз. Акция боюнча кошуу наркы 3870 сомдун ордуна 3100 сомду түзөт.
  5. 4G мурдагыдан да ылдамыраак. MegaCom мобилдик интернетинин ылдамдыгы мурдагыдан да ыкчам болуп калды. Мындай ылдамдык 4G LTE түйүнүндө LTE 1800 жана LTE 2100 диапазондорунда жыштыктарды агрегациялоонун жаңычыл технологиясын ишке киргизүү аркылуу мүмкүн болуп калды.
  6. 4G мурдагыдан көбүрөөк. MegaCom заманбап түйүнү менен камтылган аймакты кеңейтүү менен мекенибиздин жалпы аймагын камтууга умтулуп келет.

4G түйүнүнүн каптоо картасы, «Чектөөсүз 4G» тарифи тууралуу толук маалымат компаниянын 4g.megacom.kg. сайтында жеткиликтүү.

Тариф же компаниянын башка опциялары тууралуу суроолоруңузга Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын расмий баракчалары жана *500 номуру аркылуу жооп алсаңыз болот.

MegaCom 4G LTE түйүнү менен чыныгы ылдамдыкты сез!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabai
2017-01-31 11:27:14
Aidarkende 4 G koiup bergende jakshy bolot ele mekagomdun filaly
+1
Parish
2017-01-31 19:34:36
Жакшы экен, эгер отсон айылдарда иштейби.
2G эле бар да бизде.
0
Kroxa
2017-01-31 19:34:53
Мен айына 700сом толойм Wai-fai роутерге,Караколдо 4 балам телефондору 2 компютер,,планшеттерибиз менен баарыбыз кинофильмдерди мультик..керектуу жанылыктарды жогорку ылдамдыкта эле коробуз 2жыл болду...мобильный интерге коз каранды эмеспиз кудайга шугур...
0
Nurdan1112
2017-02-01 10:02:43
Токтогулга дагы койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан