Депутаттык комиссия Максим Бакиевдин 1,2 гектар жери боюнча шектүү жагдайларды атады

Бүгүн, 31-январда мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Ага башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев да катышты.

Отурумдун жүрүшүндө комиссиянын төрагасы депутат Канат Исаев ("Кыргызстан") Бакиевдин мүлкү боюнча эмнеге ызы-чуу чыгып жатканын түшүндүрүп берди.

"Максим Бакиевдин "Глобал" ишканасы Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү аянты 1,28 гектар жер тилкесин өзүнө таандык "Элит Дом Строй" ишканасына саткан. 2010-жылы бул жер тилкеси жана "Элит Дом Строй" ишканасы арестке алынган. Бирок кандайдыр бир себеп менен 2014-жылы жогорудагы сатып алуу жокко чыгарылып, жер тилкеси кайра Максим Бакиевге таандык "Глобал" ишканасына өткөн. Бул ишкана Бакиевге жана анын жакындарына таандык экенин сот аныктаган. "Глобал" ишканасы негедир арестке алынган эмес. 2016-жылы 19-декабрда бул жерди болгону 5 миллион сомго тоскоолдуксуз бир "подставной" адамга сатып жиберген, бирок анын базар баасы 200 миллион сом болгон. Кийин ал жерге соттор тийишпеши үчүн аны 4кө бөлүү пландалган. Бирок биз депутаттык комиссияны түзүп, ызы-чуу чыгаргандан кийин жер арестке алынган", - деди Исаев.

Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов жер тилкеси 2014-жылы аресттен чыгып кеткени 2016-жылы августта гана билингенин маалымдады. "Эгер жер тилкеси мыйзамсыз аресттен чыгарылган деп табылса, райондор аралык соттун судьясына кылмыш иши козголот", - деди Токтогулов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев жердин сатылып кетишинде ал жетектеген мекеменин күнөөсү жок экенин айтты. "Бизге соттун чечими келет, биз аны каттайбыз. Биздин жумушубуз каттоо. Эч кандай саясий же моралдык баа бербейбиз", - деди Сарпашев.

Айта кетсек, 18-январда депутат Канат Исаевдин демилгеси менен мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан