Көпчүлүккө “Тамашоу” долбоорунун "КG 77" командасынын капитаны катары таанылган Зияш Турдубеков бүгүн 26 жашын белгилеп жатат.
"Эки күн мурун Алматыга барып келдим эле, сыркоолоп калыптырмын. Туулган күнүмдү мурункудай эле түнкү саат 12ге чейин ата-энем менен белгилейм. Андан кийин досторум менен кафеге чогулабыз. Жашка жаш кошулган сайын "Качан үйлөнөсүң?" деген суроону көп бере башташат экен. Мындан улам үйлөнсөм окшойт деген ойлор келип жатат. Албетте, Кудайдын буйругу менен", - дейт "тамашоучу".
Зияш Турдубеков 1991-жылы 1-февралда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында туулган. Брюс Ли тууралуу тамашаларды катыра аткарып, Зияштын капитандыгы астындагы «KG 77» командасы дайыма эл эсинде калган, өзгөчө күлкү тартуулап келишкен. Өзүн ар кайсы кесипте сынап көрүп "Мачо", "Уктаткыч", "Алдамчы Жеки", "Салам, Бишкек-2", "Гонщик таксист" жана башка тасмаларга тартылган. Мындан сырткары оператор, режиссёр, каскадёр да болуп жүрөт.
1-февралга карата жылнаама.