Белгилүү америкалык ырчы Бейонсе жана күйөөсү Жей Зи экинчи ирет ата-эне статусуна ээ болушат. Бул тууралуу ырчы кечээ, 1-февралда Инстаграмдагы жеке баракчасы аркылуу маалымдап, кош бойлуу экенин көрсөткөн сүрөтүн илген.
"Биз өзүбүздүн бактыбыз жана сүйүүбүз менен бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Биздин үй-бүлө жакында эки адамга көбөйөт. Бул үчүн тагдырга ыраазыбыз. Бардык каалоо-тилектериңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп ырчы үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан билдирүү калтырган.
Түгөйлөр учурда 5 жаштагы Блу Айви аттуу кызын тарбиялап келишет.