Мектепте окуучуларга уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу керектигин бүгүн, 2-февралда парламентте "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу сунуштады.
Анын айтымында, мындай тыюу салуу өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алат.
"Азыр бардык окуучулар социалдык түйүндөрдө отуруп, ар кандай оюндарды ойношот. Мына, 15 адам өзүнө кол салып каза болду. Балдарды көзөмөлгө алуу бир гана ата-энелерге тийиштүү эмес. Бизге да тиешелүү", - деди ал.