"Элдик кабар" рубрикасынын январь айынын жеңүүчүсү кыргыз тилине туура эмес которулган афишалар тууралуу кабар жөнөткөн окурман болду

Базар экономикасы өнүккөн заманда борбор калаада баннерлер, афишалар, жарнак такталары орун алып, шаардын көркүн гана бузбастан, андагы каталар көпчүлүктү капалантат. Алар үчүн орун берген компаниялар кирешенин артынан түшүп, мазмунуна, котормолоруна көп көңүл бурбай, ал эми тиешелүү мекемелер аларды көзөмөлдөбөй калышкандай.

Акыркы жылдары кыргыз тилине болгон кайдыгер мамиледен улам тилибиздин баркы кетип, шаарлардагы жаш муун дээрлик эне тилде сүйлөбөй калганы өкүндүргөнү аз келгенсип, каталар, туура эмес котормолор менен жазылган коомдук жайлардагы жазуулар сабатсыздыкка алып келүүдө. Бактыга жараша, арабызда эне тилибизге кайдыгер мамиле кылбай, өнүгүшүнө салым кошкон мекендештер да бар. Алардын бири Каракол шаарынын тургуну, "Манас" университетинин студенти Медербек Кеңешов кинотеатрлардын биринде тасмалардын аталыштары туура эмес которулганын кабарлап, "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасынын январь айынын жеңүүчүсү деп табылды.

- Саламатсызбы, Медербек! Сиз январь айынын жеңүүчүсү болдуңуз, куттуктайбыз! Туура эмес которулган афишаларды көргөндө кинотеатрдын өзүнө кайрылдыңыз беле?

- Саламатчылык, рахмат! Ал күнү кинотеатрга досторум болуп барып калдык. Ката жазылган афишаларды көрүп, администрациясы көңүл бурбаганына нааразы болдук. Администрациясы күнөө алардан кетпегенин, басмакана туура эмес чыгарганын айтты. Андай болгон күнү деле көрүнүп турган ката менен илгенге болбойт.

- Буга чейин ушундай каталарды байкачу белеңиз?

- Ооба, байкачумун. Бул ирет чоң ката болгондуктан жибердим. Негизи, жеңүүчү болуу деле оюмда жок болчу. Бүгүнкү күндө өзгөчө шаарларда тил маселеси курч болууда. Окуучу кезимден эне тилибиз боюнча талкууларга катышып, долбоорлордун үстүнөн иштеп жүрчүмүн. Тил маселесин көтөрүп чыккым келет.

- Сиздин оюңуз боюнча, бул маселени кантип чечсе болот?

- Жалгыз эле Тил комиссиясын карап отура бербей, ар бирибиз өзүбүздөн баштап, олуттуу мамиле кылышыбыз керек. "Элдик кабардан" мен жиберген кабар орун алгандан кийин көчөнүн аталыштарындагы каталар тууралуу да кабар чыкты. Жыйынтыгында кыргыз тилине кайдыгер карабаган адамдар көбөйүшүнө түрткү болдум го деп калдым. Эң негизгиси, мындай көрүнүштөрдү көз жаздымда калтырбашыбыз керек.

SUPER.KG порталынын башкы редактору Гүлжан Асанкожоева жана Медербек КеңешовКабар чыккан соң басмакана шаардын бардык кинотеатрларындагы афишаларды ката менен чыгарганы аныкталып, баарын оңдоп чыкмай болгон. Ошондой эле, кинотеатрдын маркетологунун айтымында, тасмалардын аталыштарын Мамлекеттик тил комиссиясы туура кылып которуп берген. Белгилей кетсек, Жарнак департаменти 2015-жылы жоюлуп, илинип жаткан жарнактардын мазмунун Мамлекеттик мүлк башкармалыгы жана Мамлекеттик тил комиссиясы көзөмөлдөп калган.

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

2016-жылдын жеңүүчүлөрү:

2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).
2016-жыл, июль - Айтмат Абдуллаев (Ош шаары).
2016-жыл, август - Кубан Сейдилда уулу (Нарын облусу, Ат-Башы району).
2016-жыл, сентябрь - Каныбек Маткалыков (Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары).
2016-жыл, октябрь - Айнура Субанкулова (Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району).
2016-жыл, ноябрь - Темирлан Сапаров (Бишкек шаары).
2016-жыл, декабрь - Элдос Шерматов (Ош шаары).
Афишалардагы каталарга көңүл бурган студент "Элдик кабардын" жеңүүчүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arzygulR
2017-02-02 17:27:27
Куттуктайбыз керегинизге жарасын
+1
Kunbeken
2017-02-02 17:44:42
куттуктайбыз копко иштетин!
+2
Seiil.94
2017-02-02 18:25:55
Жакшы нерсе чыгарыпсынар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан