Габон өлкөсүндө өткөн Африка Кубогунун финалында Камерун Египетти 2:1 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Финалдык оюнда эсепти 22-мүнөттө Египет футболчусу Мухаммед Эль-Ненни ачкан. 59-мүнөттө Нкулу эсепти теңеп, Камерун үчүн жеңишти 88-мүнөттө Венсан Абубакар алып келди. Камерун футболчулары муну менен өз тарыхында 5-ирет Африка Кубогун жеңишти. Акыркы жолу 2002-жылы жеңишке жетишкен болчу.
Белгилей кетсек, эми Африка чемпиону быйылкы жайда Орусияда өтө турган Конфедерация Кубогуна катышат.