Араван районунда 6-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, окуя аталган райондун Гүлбаар айылында болгон. Анда 6-класста окуган бала мал кармаган сарайда асынып алган.
"Баланын жансыз денеси 4-февраль күнү асынып турган абалда табылды. Ал таенесинин колунда турган. Ата-энеси мурда эле ажырашып кетишкен. Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Баланын өлүмүнүн интернеттеги оюнга тиешеси жок. Окуучунун өз өмүрүнө эмне себептен кол салганы такталууда", - дейт Ашырбаев.