27 жаштагы Кассандра Де Пеколь аттуу америкалык кыз Жердин ар бир өлкөсүн 18 ай 26 күндө кыдырып чыгып, рекорд койду. Бул тууралуу ал жетектеген "Экспедиция 196" долбоорунун расмий сайтында жазылды.
Ал Жер жүзүндөгү бардык 196 суверендүү өлкөнү эң аз убакта кыдырган адам жана дүйнөнү кыдырып чыккан алгачкы аялзаты катары рекорд коюуну максат кылган. Кассандра Де Пеколдун саякаты сүрөттөрдө көрүнгөндөй эле идеалдуу боло берген эмес. Экспедиция маалында аны айрым жерлерде чалгынчы, аткезчи катары кармашкан. Перуда аны тоноп кетишсе, Түндүк Кореяда көзүнө тике караган аскер "биз силерди жок кылабыз" деген.
"Кээ бир өлкөлөргө баруу кооптуу болду, бирок ал жакка баруу мен үчүн арзый турган нерсе эле", - деген ал Йеменге кирер алдында. Анын акыркы барчу өлкөсү дал ушул өлкө болгон. Дональд Трамптын йемендик качкындарды АКШга киргизбөө буйругунан кийин ал Йемендин аймагынан АКШнын элчилигинин уруксаты менен гана чыга алмак. Акыры тиешелүү документтерди чогултуп, Йеменге кирип чыккан.
Кассандра бала кезинен саякаттоону кыялданган. Коннектикуттан Лос-Анжелеске көчүп келгенден тарта кыялдары тынчтык берген эмес. Ал өзүнө "Эгер мен бир нерсе кыла алсам, эмне кылмак элем?" деген суроону берип, "ар бир өлкөгө барып чык" деген жооп алганын айтат. Буга чейинки рекордчу америкалык профессор Или Лю Жер жүзүн кыдырууга 3 жыл жана 6 күн короткон.
Кассандра өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөрдү таап, 2015-жылы 24-июлда саякатын баштаган. Бул окуянын башталышы көпчүлүктү кадимки дүйнөдө өзгөчө жашоого чакырган. Саякат маалында Кассандра көптөгөн студенттер, бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, туризм тууралуу презентацияларды өткөргөн. Ар бир өлкөдө 4-5 күнгө калып, кооз, атактуу жерлерин кыдырган.