Бишкекте тургунду сабап, уюлдук телефонун тартып алган үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 5-февралда Бишкек шаарынын 20 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар арыз ээсине карата күч колдонуп, Чоң Чүй каналы жакка алып барышкан. Андан соң сабап, уюлдук телефонун тартып алышкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын Б.А., Н.Ж. жана Ж.А. аттуу тургундары кармалышкан. Азыркы учурда алар аталган ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.