Бишкекте 21 жаштагы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкери ички иштер органдарынан айдалды

Бишкекте 21 жаштагы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкери ички иштер органдарынан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 29-январь күнү Бишкектеги кафелердин биринин кире беришинде болгон. Интернетке тараган видеодон эки милиция кызматкери 21 жаштагы шаар тургунун эч себепсиз сабап салышканын көрүүгө болот.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында тургунга кол көтөргөн милиция кызматкерлеринин өздүгү такталган. Ага ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкери 1992-жылы туулган И.Э. жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкери 1991-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынан айдалды. Аны менен бирге алардын жетекчилерине да дисциплинардык чаралар көрүлөт", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

Буга чейин шаар тургунуна кол көтөргөндөр Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери экени айтылган.

Эки милиция кызматкери жаранды сабап салышыптыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nurbek11
2017-02-07 17:03:40
Булар кичине убакыт откон сон кайра эле формасын кийип жумушта болуп калышат. Ал эми аларды камадык иштен айдадык деген бул болгону ИИМдин жомогу эле.
+9
engel
2017-02-07 17:04:10
Aidaldy boldubu? Jazalashsyn da! Alar erten ele akcha berip jumushka kirip alyshsachy?
+7
Winstoni
2017-02-07 17:06:16
Ошол ментти эгерде берки бала уруп койгондо минимум 5 жыл берет болчу. Карапайым элгеле кыйын экен туугандар бул менттердида камаш керек болчу. Коросунор булар барибир акча берип ишке кирип алышат.
+8
kenjebek_a
2017-02-07 17:35:08
Иштен эле айдалдыбы.Жаза берилбейби.Жон Адам болгондо жаза беришет болчу.Дуйно тегерек эртен наборот болсо коробуз.Тем боле очоштуруп алышты.
+6
abusait
2017-02-07 17:39:21
kenjebek_a, эн туура . кошулам. Камаш керек болчу.((
+3
Kalemkash
2017-02-07 17:54:00
Видеого тушуп калып дагы жакшы. Болбосо куноосун алдырып болбойт эле. Дагы деле адилетсиз чечим кабыл алышыптыр.
+2
Taku.14.02
2017-02-07 18:41:41
чон танышы жокко мындайды акырын басып койчу элего. камера болуп кудай сактаптыр болбосо милицияга биринчи кол которду деп иш козгомок
+2
jakilik
2017-02-07 20:48:26
Кыргыздар негизи ичкенди билбейбиз! 50 грамм ичсек эле Арстан болуп калабыз! А так колубуздан эч нерсе келбейт, .
+1
Firdaus-Muslim
2017-02-07 21:52:51
Буларда кутура баштаптыр да. Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай.
Кыскасы жазалаш керек, камаш керек.
+1
Kubat.karagulov
2017-02-07 22:20:17
Жумуштан айдап эле тим койбой соттош керек мындай айбандарды.Жонокой адам мас болуп мушташмак тургай арак жыттанса коомдук тартипти бузду дешип баса калып штраф салышат.Бир адамдын убалына калып ден соолугуна канча запкы келтиришти.
0
almazbei
2017-02-08 02:14:25
Эмнеге атын фамилясын толук жазбайт?
0
Kumarchik
2017-02-08 09:54:48
Камабайсынарбы иштен айдалса эле болдубу
0
Azatbek83
2017-02-08 10:09:49
Формасына ишенген менттер!ХХХ!Жакшысы да бар бирок азырак кообу жамандар!Мусор Африкада да ХХХ!!!Озунордун абирийинерди озунор тогуп жаман корсотуп журо бергиле ХХХ!!!!
0
admin_portal
2017-02-08 10:19:15
Azatbek83, порталдын эрежелерин сактаңыз! Эскертүү!
0
Azatbek83
2017-02-08 16:58:32
admin_portal,Макул кечирип койунуздар мындан кийин порталдын эрежелерин сактаганга арекет кылам эскертуу бергениздерге чоон рахмат башка кайталанбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан