Боинг кырсыгы: Учак кулаганда короо-жайы талкаланган эне жардамга муктаж (фото)

Мария Атабаева авиакырсык орун алган Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 4 небересин жалгыз багып жашап келет. Учак кырсыгында алардын короо-сарайы талкаланып, турак үйүнүн чатыры жараксыз абалга келген. Мал сарайындагы жалгыз ую торпогу менен өлгөн. 64 жаштагы чоң эне SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Учак кулап кырсык болгондо катуу коркуп калдык. Ансыз да кыйын турмушта жашап жатканда балдарыма сүтүн саап берип жаткан уюм өлдү. Өлсө мал өлсүн деп шүгүр кылып жашап жатам. Балам Орусиядан азырынча акча сала элек. Майып баламды дарылатып, операция жасатса басып кетсе керек деп үмүт кылам. Неберемди жонума көтөрүп, эртең менен 30 чакырым жол жүрүп, түшкө чейин кезек күтүп дарыгерге кирсем 5 мүнөттөй гана кабыл алып, көңүл кош карап "жакшы болуп кетет, бара бериңиз" деп койгон".

"Келиним менен балам буга чейин жакшы жашап келишти. Экөөнүн ортосунда азыр 3 кыз, 1 уул бар. Чырактай 4 баласын таштап, келиним 2016-жылдын май айында кетип калды. Ушул күнгө чейин балдарым деп бир кайрылган жок. Авиакырсык болгондо да неберелеримдин апасы балдарынан кабар алган эмес. Таптакыр сурап койгон жок", - дейт Атабаева.

"Балам Москвага иштегени кеткен. 13 жаштагы неберемдин буту баспай калган. Анын жанында бир адам сөзсүз болуш керек. Учурда эч жактан кирешебиз жок. Алган пенсиям керектөөлөрүмө жетпейт. Өзгөн райондук социалдык коргоо бөлүмү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балама 2017-жылдын январь айынан бери чегерилген 3 миң сомду "келиниңдин паспортунун жарактуу мөөнөтү бүтүп калыптыр" деп бербей жатат. Эки небереме күн сайын жол киресине 40 сом берем. Кээде ал акча да жок болуп калат", - деп кошумчалады Атабаева.

Апасы таштап кеткен Мирлан он жылдан бери баса албайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ekaterinburg
2017-02-08 18:29:34
Иий байкуштар ай!Кана эми,акчам болгондо силерге окшогондорго берип-берип салсам!Тиги чогулган акчадан берсе болбойт бекен?
+9
KGstan1981
2017-02-08 19:00:02
Атамбаевтин КТРК каналын корсон Кыргызстан тим эле жыргал жашоодо жашап жатканын корсотушот.Ал эми мындай терс нерселерди корсотушпойт.
+8
BakytAliev
2017-02-08 22:49:52
Кана 74 млн е карабайбы мамлекет жардам беришин кийим кечелер тамак аштар камаз камаз болуп кетти эле го бергиле да же аларды да сатып ийдинерби
+5
tyrgon
2017-02-09 00:13:06
акыры алланын алдында жоооп беребизго
+2
Stervamyn
2017-02-09 09:06:29
Кана 74 млн дон жардам берсе?!аны топтоп улам эле интернетке чыгарбай,жардамга муктаждарга бере башташпайбы?!кимисинин чонтогуно кетет деп болуштуро албай жатышат го чондорубуз.
+4
barakcha
2017-02-09 11:08:52
Келинин мынча каралаган?
-1
mishonia8077
2017-02-11 21:50:50
barakcha,Балдарын таштап кетсе каралайт да мактасынбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан