"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлүп, кызуу талкууга алынган клиптердин катарын ырчы Нелянын "Осень" клиби толуктайт. Ырчы ырдын тарыхын, ага клип тартуу учурун жана эмне үчүн советтик мезгилдеги кадрлар коюлганын айтып берди.
"Бул ырды Елена Урсаленко ырдачу. Мен кичинекей кезимде өлкөдөгү алгачкы жеке телеканалдардан көп көрсөтчү. Анын ырдаганын телевизордон көрүп, сүйүп укчумун, ырдап чыкканды кыялданчумун. Негизи эле мен курактагылар ушул ыр менен чоңойгонбуз. Бир топ жылдардан кийин ал кишиге жолугуп, "Сиздин чыгармаңызды кичинемден бери ырдагым келчү, аткарып чыксам болобу?" деп сурап, анын уруксаты менен кайра жаздырып, ырдап чыктым", - дейт ырчы.
Ал эми аталган ырга клипти режиссёр Нурлан Мамакеев тарткан. Ырчы клиптеги каармандар жөнүндө көпчүлүк түрдүү сын-пикирлерди айтканын билдирип, буларга токтолду:
"Эмне үчүн орустарды тарткан, кыргыздар жокпу?" деген сыяктуу сөздөрдү айтып келишет. Баарына түшүндүрө албайт экенсиң. Клиптеги кадрлар тартылганына бир топ жылдар болгон Елена Урсаленконун "Осень" клибинен алынган. Ал ырдаган жерине мен ырдаган кадрлар коюлган. Режиссёрдун сунушу менен ошол кездеги жигит-кыздар бул клипти көрүп, кайрадан окуучулук кезин, өткөн учурду эсине салуу максатында калтырганбыз. Кийин Урсаленко мага жолугуп, чыгармасын жакшы аткарганымды айтып мактаган эле. Ал азыр ырчыларга ырдын тексттерин жазып берип жүрөт".
Нелянын "Осень" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.