Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмасы Индиянын Бангалор шаарында өткөн фестивалда баш байгени утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге тасманын режиссёру Бакыт Мукул билдирди.
"Кечээ биздин тасма Индияда өткөн эл аралык кинофестивалда "Азия өлкөсүндөгү мыкты тасма" деп табылып, баш байгени утуп алды. Фестивалга башкы каарман уулум кеткен. Азыр келе элек. Буюрса, бүрсүгүнү келип калат", - дейт Бакыт Мукул.
Белгилей кетсек, "Атанын керээзи" тасмасы өткөн жылы Минск шаарында өткөн "Листопад" Эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка жана башка көптөгөн абройлуу сыйлыктарга ээ болгон.