"Медиа-портал" бөлүмүндөгү тамашалуу клиптердин бири - ырчы Курал Чокоедин "Кокон гилас" ырынын клиби. Ырчы клип тартуу учуру көӊүлдүү өткөнүн, анда артисттердин чыныгы жашоосу тамаша аркылуу көрсөтүлгөнүн айтат.
"Чөйрөмдөгүлөрдүн баары актёрлор да, кастинг өткөргөн жокпуз. Клибиме тааныш, мамилелеш жакын досторум тартылышкан. Тартуу учуру кызыктуу, көӊүлдүү өткөн. Максатым клип аркылуу тамаша иретинде артисттердин чыныгы жашоосун көрсөтүү болчу. Андыктан кокон гиластай бышкан деп аларга салыштырып, сулуу кыздарды тарттым.
Жасалма акчаларды чачып жүргөн жери бар эмеспи. Ошол акчаларды унаама салып жүрсөм, көргөндөр чочуп кетип, чыныгы акчабы деп кызыгып жатышты", - дейт Курал Чокоев.
Клип жалпы 2 жумада тартылып бүткөнүн кошумчалады ырчы.
Курал Чокоевдин "Кокон гилас" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.