Башкы прокуратура Максим Бакиевдики деген жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу 9-февралда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "далилдерди жокко чыгаруу", "мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды, документтерди жасоо, колдонуу, сактоо" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш ишинин жүрүшү:
Прокуратура органдары тарабынан 2010-2012-жылдары “ЭлитДомСтрой” ишканасынын мүлкүнө, анын ичинде Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест коюлган.
2016-жылы Бишкектеги Биринчи Май райондук соту М.Бакиев, А.Елисеев, Е.Гуревич, М.Надель, С.Ким, У.Мелисбек жана У.Пактын иши боюнча чечим чыгарып, сот айыпталуучуларды эркинен ажыратуу менен бирге мүлкүнөн ажыраткан. Соттун бул чечимин 2017-жылы 11-январда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.
Бирок 2014-жылы Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун судьясы Н.Ж. прокуратура органдарына маалымат бербей туруп аталган экономикалык ишти караган. Ал “Глобал Эдвертайзенг” ишканасынын “ЭлитДомСтрой” ишканасына болгон доосун карап, жогорудагы объектти сатып алуу боюнча келишимди жокко чыгарган. Ошол экономикалык ишти кароонун алкагында прокуратура койгон арест дагы алынган.
Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун актылары жөнүндө прокуратурага өткөн жылы 24-августта маалым болгон. Андан кийин жогорудагы актылар мыйзамга каршы келери жана мүлктү каттабай туруу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кат жиберилген. Ага карабай 2016-жылы Бишкек мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери соттук териштирүү жүрүп жатканын билип туруп жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү башка ишканага каттап коюшкан.