Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган театрдын кызмат адамдары имаратты 19 миллион 925 миң сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн "БиАуто" ишканасы менен келишим түзгөн. Ал эми оңдоп-түзөө иштерине 19 миллион 498 миң сом сунуштаган "Тоо ашкан" ишканасынын билдирмеси негизсиз жокко чыгарылган. Мындан улам театрдын кызмат адамдарына "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мамлекеттин кызыкчылыгына каршы сатып алуу жүргүзүү жана келишим түзүү" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.